Коом

ДИМКнын директору Азамат Юсупов Россиянын дин иштери боюнча өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Россия Федерациясынын Кыргызстандагы Элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Сергей Храмов жана Орус православ чиркөөсүнүн епархиялык башкармалыгынын катчысы, протоиерей Игорь Дронов менен жолугушту.


Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн көп жылдык достугуна токтолуп, диний чөйрөдө тажрыйба алмашуу жана эмгек мигранттарынын арасында профилактикалык иштер боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
Соңунда диний чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө өз ара кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button