Коом

УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, 46миң доллар алдап алган жаран кармалды — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.

КР УКМК 2025-жылдын ноябрь айында 1978-жылы туулган С.И.И.  жана 1982-жылы туулган А.А.Б. аттуу жарандар УКМК төрагасынын орун басарынын атын жамынып, К.Д. аттуу адамга карата козголгон кылмыш ишин токтотууну убада кылып, алдоо жана ишенимден кыянаттык менен пайдалануу жолу аркылуу жалпысынан 46 миң АКШ долларын ээлеп алышканын маалымдайт.

КР УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка тиешеси бар алты адам аныкталып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КР УКМК мамлекеттик органдардын жетекчилеринин аттарын колдонуу менен мындай мыйзамсыз аракеттерди жасоону жана жарандарды адаштырууну көздөгөн  адамдар белгиленген тартипте жана колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартыларын билдирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button