Мединский: Россия делегациясы сүйлөшүүгө даяр

Россиялык делегация украин тарапты Стамбулда бүгүн саат 10:00дө ( Бишкек убактысы боюнча саат13:00дө) күтө турганын РФ президентинин кеңешчиси Владимир Мединский билдирди.
Эске салсак, украин делегациясы бейшембиге белгиленген жолугушууга келбегендигинен Стамбулда болот деп жаткан Киев — Москва сүйлөшүүсү кечээ өтпөй калды.
Зеленский башында турган топ алгач Анкарага келип, Киев режиминин жетекчиси президент Эрдоган менен жолуккандан кийин гана делегациясынын курамын бекитти. Бирок украин тараптын Стамбулга барган-барбаганы ушу тапта белгисиз.
Мединский делегациянын негизги максаты узак мөөнөттүү тынчтыкты орнотуу жана жаңжалдын түпкү себептерин жоюу экенин, бул сүйлөшүүлөрдү 2022-жылы үзгүлтүккө учураган тынчтык процессинин уландысы катары карай турганын белгилеген.
РИА Новости өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен 16-май күнү Россия, Украина жана Түркия, андан соң Украина, Түркия жана АКШнын сүйлөшүүсү өтөрүн билдирди.



