Саясат

Минкаб төрагасы 4 ай ичинде жасалган жумуштарды санап, өкмөттүн бул жылга пландары менен бөлүштү 

Экономиканын реалдуу өсүү темпи 11,7%ды түздү. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку көрсөткүч.

Инвестициянын көлөмү 4 айдын ичинде 62%га өсүп, 70,1 млрд сомду түздү.  Бул акыркы жылдардагы эң жогорку көрсөткүч.

2025-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 1 100 чакырымдан ашык жол курулат.

Быйыл мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында 5 615 батирдин курулушу аяктайт. Өлкө боюнча жалпысынан 61 827 батир салынууда.

2025-жылы 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу менен 14 миңге жакын жумушчу орду түзүлөт.

Быйылкы жылы жалпы кубаттуулугу 69,8 мегаватт болгон 18 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button