Саясат
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов «СИЗО-1ге» камалды

Ленин райондук соту Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыповду («Жаңы күч — Новая сила» фракциясы) камакка алды. Бул маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы «АКИpress» редакциясына 13-ноябрда ырастады.
Ал 21-декабрга чейин «СИЗО-1ге» киргизилди.
Жакыпов алдамчылыкка шектелүүдө. 23-октябрда анын кармалганы кабарланган, бирок анда Жакыповду үй камагына чыгарышкан.



