Саламаттык сактоо министрлиги былтыр ВИЧ инфекциясын жуктурган бөбөк катталганын айтты

Окуя тууралуу кечээ депутат айткан соң маалым болгон. Бул боюнча 12 адистен турган комиссия түзүлүп, министрлик төмөнкүлөрдү билдирди:
▪️Бала 2020-жылы күйүк алып, дарыгерлерге кайрылган. Андан кийин 4,5 жылдан бери ар кайсы ооруканаларга кайрылып келген. ВИЧ инфекциясын жуктуруп алганы 2024-жылы аныкталган
▪️Медициналык документтер, бала барган ооруканаларда колдонулчу каражаттар текшерилген. Бөбөк менен байланышта болгон 600 адам текшерилип, ВИЧ эч кимден чыккан эмес
▪️Тилекке каршы, 2020-жылы бөбөк менен кошо дарыланган 5 бала пандемия маалында чарчап калгандыктан аларды текшерүүгө мүмкүн болгон эмес. Ошол эле маалда ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо алардын маалыматы жок
▪️Комиссия ВИЧ инфекциясы бөбөккө ийне сайган маалда дагы жугуп калышы мүмкүн деген божомолду койду
▪️Бөбөк учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө дарыланып жатат, абалы канааттандыраарлык



