Коом
Ысык-Көлдөгү жер тилкесине байланышкан алдамчылыктын бети ачылды

2025-жылдын 21-майында ИИМдин Тергөө кызматына жаран 1982-жылы туулган М.М. арыз менен кайрылып, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан баасы 80 000 АКШ долларына бааланган жалпы аянты 5 гектар болгон жер тилкесин алдамчылык жолу менен ээлеп алышкан эки жаранга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш ишин козгогон.
Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө мурда бир нече жолу ар кандай кылмыштар үчүн соттолгон Ысык-Көл облусунун тургуну 1987-жылы туулган М.М. кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.



