Коом

УКМК: Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды – ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМКнын дарегине Мамлекеттик салык кызматынын Кара-суу району боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан КР аймагына 9 даана автоунааны ташып келүүдө пайда болгон болжолдуу 650 миң сом салык карызын жашыргандыгы үчүн, 100 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча ишкер кайрылган. 

Аталган факты боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталды.

2024-жылдын 27-апрелинде УКМК кызматкерлери тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен  Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button