Коом

Азербайжан Кыргызстандын “арашан” койлоруна кызыгууда 

Азербайжандын айыл чарба министри Меджнун Мамедов расмий визитинин алкагында Чүй облусунун алдыңкы фермаларын кыдырып чыкты.

«Анын өзгөчө көңүлүн жергиликтүү арашан породасындагы мал өзүнө бурду»,- деп кабарлайт Айыл чарба министрлиги.

Министр бул породанын негизги артыкчылыктарын жогору баалады: тез салмак кошушу, чыдамкайлыгы, жергиликтүү климатка жакшы ыңгайланышы жана эт сапатынын жогорку деңгээлде болушу.

Визиттин соңунда тараптар агрардык тармактагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button