Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жана жарым криминалдык элемент пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

Кылмыштуу идеянын жаралышына каршы туруу жана уюшкан кылмыштуу топтордун укукка каршы ишмердигинин ар кандай белгилерине бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 300 миң сом опузалап акча талап кылып, 70 миң сом пара алган учурда КР жараны Ж.Б.Ж.- маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары Автоматташтырылган маалымат базасында катталган жана Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “жарым криминалдык спорттук жаштардын » өкүлү Т.У.Р. кармалды.
Буга чейин Ж.Б.Ж. жана Т.У.Р. кредит боюнча маселени физикалык зомбулук менен коркутуу жолу аркылуу чечкендиги үчүн К.Э.К. аттуу жарандан 20 миң сом өлчөмүндө (О Банк! мобилдик капчыгына) талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алышкан.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Ж.Б.Ж. жана Т.У.Р. Каракол ШИИБдин УКЖсына киргизилди.



