Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери өгөй атасы тарабынан зордукталган өспүрүм кыздан кабар алышты

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери Ысык-Ата районунундагы “Гүлзар” интернатына барып, 15 жаштагы А.А.дан кабар алып келишти.
Белгилүү болгондой, 2025-жылдын апрелинде өспүрүм кыз өгөй атасы зордуктаганын айтып чыккан .
А.А. ал кезде Ысык-Ата районунда убактылуу жашап, билим алып жаткан. Өспүрүмдүн өз атасы жок, апасы болсо чет өлкөдө болгондуктан ал интернатка жайгаштырылган.
Бул боюнча козголгон кылмыш иши учурда Сузак райондук сотунда каралууда. Кылмышка шектелип кармалган 43 жаштагы жаран камоодо.
Кыздын апасы дагы эле чет өлкөдө иштеп жүрөт. Анын кичинекей 2 кызы күйөөсүнүн туугандарына камкордукка берилген болчу. Бирок алар дагы азыр кыздарды кароодон баш тартып жатышат. Андыктан аларды интернетка жайгаштыруу жагы каралууда.
Акыйкатчы Институту 15 жаштагы өспүрүмгө психологиялык жардам берүүнү улантууну жана репродуктивдүү саламатыгына байланыштуу медициналык кароодон өткөрүүнү сунуштады.



