Коом
Байышбек Астанакулов Талас облусунун Талас районунун акими болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Астанакулов Байышбек Кахроманович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.
Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, Байышбек Астанакулов 2024-жылдан бери Талас шаарынын мэри кызматын аркалап келген.



