Коом

Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат жарым жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызмат (СЭК) 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Кеңешмеде түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилеринин ар кандай иш багыттары боюнча отчёттору берилди, көйгөйлүү маселелер талкууланып, экинчи жарым жылдыкка карата артыкчылыктар аныкталды.

СЭКнын төрагасы Талантбек Кожонов белгилегендей, отчёттук мезгил ичинде кызмат оң натыйжаларга жетишти. Кайра жана кошумча экспертизалардын саны, ошондой эле аткарылбай кайтарылган материалдардын саны азайган. Бул укук коргоо органдары жана соттор тарабынан изилдөөлөрдү дайындоодо жүктүн турукташып, тактыктын жогорулагандыгын көрсөтүп турат.

Дайындалган экспертизалардын негизги көлөмү салттуу түрдө ИИМге (экспертизалардын 78%) туура келет, ал эми аймактар боюнча Бишкек (35%), Чүй (20%) жана Ош (17%) облустары алдыңкы орунда турат.

«Бүгүнкү күндө кызмат туруктуу өнүгүү жолунда. Биз биргелешкен иштин натыйжаларын көрүп жатабыз жана токтоп калбастан, кесипкөй мамилени, ачыктыкты жана коомчулуктун ишенимин бекемдөөнү улантуу маанилүү», — деди Т.Кожонов.

Акы төлөнүүчү кызматтар боюнча экспертизалардын санынын олуттуу өсүшү белгиленди (2582 кайрылуу). Юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражат дээрлик 5 миллион сомду (4 997 155 сом) түзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,5 эсеге көп (1 917 852 сом). Бул жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн спектрин кеңейтүү жана кызматтын адистеринин ишине болгон ишенимдин жогорулашы аркылуу мүмкүн болду.

Кеңешменин жыйынтыгында СЭКнын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн иши канааттандырарлык деп табылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button