Окуялар
Окумуштуу, академик Илгиз Айтматов 93 жашында дүйнө салды
Илгиз Айтматов — улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун иниси. Ал көп жыл Кыргыз улуттук академиясында эмгектенген.
Кыргызстандын илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника тармагындагы СССРдин жана Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты болгон.



