Саммитте ИИМ кызматкерлери коомдук тартипти камсыз кылат

Бишкекте 2024-жылдын 5-ноябрынан 6-ноябрына чейин Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити өтөт жана Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет.
Ички иштер министрлиги тарабынан коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар тийиштүү деңгээлде көрүлүп жатат. Коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыз кылуу максатында оперативдүү штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрү менен каражаттарын тактоо жүрүзүлгөн.
Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-саммити жана Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандын мамлекеттик сапары учурунда коомдук тартипти сактоого жана жол коопсуздугун камсыз кылууга 4 миңден ашуун милиция кызматкери тартылат.
Расмий иш — чараларды өткөрүү учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылат. Ички иштер органдарынын өздүк курамы жогорулатылган режимде кызмат өтөйт.
Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынат. Бул иш-чараларды өткөрүү мезгилинде жолдордун айрым жерлеринде маал-маалы транспорт каражаттарынын кыймылы чектелет, буга байланыштуу жарандардан көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.



