Коом

УКМК: Диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн жашаган даректеринде тинтүү жүргүзүлдү — ВИДЕО

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.           

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан 2025-жылдын 22-августунда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюуу максатында, КР КЖК 331-беренеси («Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, «И.А.А.», «М.М.С.», «А.Р.Р.», «А.Р.А.», «А.Н.Б.», «К.А.К.», «Б.З.С.», «А.М.Т.» аттуу 8 мүчөсүнүн («Каракол» жана «Түп» бөлүмчөлөрү) жашаган даректери боюнча тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Кылмыш ишинин алкагында  айыпталуучулардын жашаган даректеринде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар түрдүү диний адабияттар, ошондой эле социалдык тармактарда радикалдык идеологияны жайылткан аккаунттар катталган уюлдук телефондор табылып, алынган. Алынган буюмдар боюнча тиешелүү экспертизалык иштер дайындалды.

Учурда КР УКМК тарабынан тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып, тыюу салынган уюмдун калган башка катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча чаралар уланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button