Коом

Бишкекте адашып кеткен 6 жаштагы бала табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди

Бул тууралуу Ленин РИИБинен кабарлашты.

Биринчи Май РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери адашып кеткен 6 жаштагы баланын жүргөн жерин аныктап, аны ата-энесине өткөрүп беришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери ата-энеси менен да профилактикалык маек өткөрүп, балдардын коопсуздугун камсыздоо жана мындай учурларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Тектеш кабарлар

Back to top button