Коом
Кыргызстанда мектептерди экиден көп кабат курууга уруксат берилди

Кыргызстандын Курулуш министрлиги мектептерди эки эле эмес андан көп кабат салса болот деген жаңы стандарт кабыл алды.
Бул тууралуу 5-сентябрда агартуу министриДогдургүл Кендирбаева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Министр жер тартыш аймактарда, айрыкча Бишкек шаарында Жапониядагыдай 5 кабатка чейин коопсуз жана заманбап мектептер курулса класстардагы окуучулардын саны азаярын белгилеген.



