Коом

Лалафодогу алдамчылык: шектүү шилтеме жана арзан товар сунуштаган «сатуучу»

Жогорку Кеңештин жыйынында ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиев Лалафо аркылуу алдамчылык кандай жүрөөрүн айтып берди.

Депутат Арсланбек Эгембердиев Лалафо алдамчылыктын очогу болуп калганын белгиледи.

«Алдамчылар соодагерлерге товарын сатып алууга кызыкдар болуп жазышат экен, анан алардын эсебине акча түшүшү үчүн жиберген шилтемеге кирип көрүүсүн өтүнүшөт. А соодагер шилтемени басаары менен анын банк эсебинен акча жоголот», — деди ал.

Нурбек Абдиевдин айтымында, кардарга товарды арзан баада сатып алууну сунуштап, анан ал үчүн акчаны дароо которуу керек деген фактылар катталганын билдирди. Айтымында, «сатуучу» акча эсебине түшөөрү менен номерди блоктойт дагы чалууларга жооп бербей из жашырат.

«Мындай фактыларын баары катталган жана тергөө жүрүп жатат», — деди ИИМ министринин орун басары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button