Мага карата кол салуулар аракети болгон -Ташиев

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнө карата бир нече ирет кол салуу аракети болгону тууралуу билдирди. Бул жөнүндө ал 13-сентябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айыл аймагында эл менен жолугушууда айткан.
Ташиевдин айтымында, мындай аракеттер бийликтеги тартип орнотуу аракеттерин жактырбаган күчтөр тарабынан уюштурулганын билдирген.
«Коррупционерлердин, бандиттердин туугандары, жаман көргөндөр бар. Мына менин өзүмө эле канчалаган жок кылуу аракеттери болду. Президентибиздин атайын купуя жарлыгы менен мага күзөтчүлөр берилди. Канчалаган аракеттерди кылышты, бирок биз буга чыдайбыз», — деди Ташиев.
Анын айтымында ошондой эле учурдагы бийлик эл үчүн иштеп жатканын белгилеп, кылмыштуу топтор менен күрөшүү уланарын кошумчалаган.



