Саясат

Чек арадагы абал туруктуу, бирок кооптуу экенин билдирди Камчыбек Ташиев

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, ошол эле мезгилде кооптуу да болушу мүмкүн, деп билдирди бүгүн, 2-февралда журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.

«Ошол эле учурда анын чыр-чатакка айланып кетишине эч кандай кепилдик жок. Бүгүнкү күндө эвакуацияланган адамдар үйлөрүнө кайтып келишти», — деди ал.

Анын айтымында, чек ара маселелери бүтмөюнчө мамлекттин чек арасындагы чыр-чатактар ар дайым болуп кетиши мүмкүн. Эч ким кепилдик бере албайт, анткени талаштуу жагдайлар көп, деп кошумчалады УКМКнын башчысы.

«Чек ара маселеси качан чечилет?» деген суроого Ташиев: «Баары бир бир күн чечилет, кайсы бир маалда… », — деп жооп берди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button