УКМК: Контрабандалык дары-дармектерди мыйзамсыз саткан схеманын бети ачылды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.
КР УКМК тарабынан улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, өлкө аймагына туруктуу негизде дары-дармек каражаттарын мыйзамсыз ташып келүүгө жана сатууга байланышкан мыйзамсыз схеманын бети ачылды.


2025-жылдын 11-сентябрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан кампада тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Европа жана КМШ мамлекеттеринен алып келинген өзгөчө ири өлчөмдөгү дары-дармек каражаттары табылган. Ошондой эле кампанын уруксат кагаздары жок иштетилип келгени аныкталган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында аталган кампадан алынган дары-дармектер табылган 10 дарыкананын ишмердүүлүгүнө чектөө коюлду. Мыйзамсыз дары-дармек каражаттары аймактар боюнча, тактап айтканда Ош шаарына жана Ош облусуна, Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарына, ошондой эле Жалал-Абад шаарына таратылган.
Дарыканаларды тинтүү учурунда күчтүү таасир берүүчү психотроптук дары-дармектердин табылганы, колдонуу боюнча рецепт кагаздарынын жана дарыгердин көрсөтмөсү жок сатылып жаткандыгы өлкө мыйзамдарынын одоно түрдө бузулуусун айгинелейт. Мыйзам бузуу фактыларын тастыктоо максатында контролдук сатып алуулар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө тиешелүү уруксат кагаздары жок контрабандалык дары-дармектерди сатуу фактылары белгилүү болду.
Дары-дармектерди мыйзамсыз ташып келүүнү 1973-ж.т. «Б.Г.Ж.» аттуу КР жараны уюштургандыгы аныкталып, ал козголгон кылмыш ишинин алкагында КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган мыйзамсыз схеманы толук аныктоого жана жоюуга багытталган, ошондой эле бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар уланууда.


Өлкө жарандары үчүн терс кесепеттерди болтурбоо максатында КР УКМК фармацевтикалык ишканаларга Кыргыз Республикасынын аймагына дары-дармек каражаттарын ташып келүүнү жана таратууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды жана эрежелерди так сактоо зарылдыгын эскертет.



