Бишкекте кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат

Бишкекте «Кыргызстан — Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы гүлдөп-өнүгүүгө карай жол» аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес-форуму өтүп жатат.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы уюмдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн 300гө жакын өкүлү катышууда.
Форумда инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү жергиликтештирүү, транспорттук, энергетикалык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү, ошондой эле заманбап жана «жашыл» технологияларды киргизүү маселелери талкууланууда.
Мындан тышкары, кыргызстандык жана кытайлык компаниялар ортосунда эки тараптуу B2B жолугушуулар өтүп, анда ишкерлер өз долбоорлорун тааныштырып, өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну талкуулашууда.
Форумдун алкагында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана башка кызматташтык документтерине кол коюу пландалууда.
Уюштуруучулардын айтымында, форумдун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапарынын алдында өтүшү эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын мындан ары бекемдөөгө, ишкер чөйрөлөрдүн түз байланыштарын өнүктүрүүгө жана биргелешкен конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, жакынкы убакта Кыргыз-герман бизнес кеңешинин кезектеги жыйынын жана биринчи Борбор Азия-Корея бизнес-саммитин өткөрүү пландалууда.
Ошондой эле күзүндө «Борбор Азия жана Перс булуңундагы араб мамлекеттери» аттуу II инвестициялык форумду өткөрүү каралууда.



