Окуялар

Баткенде тоодон түшө албай калган 17 жаштагы өспүрүм куткарылды

Баткен районунда куткаруучулар тоодон өз алдынча түшө албай калган 17 жаштагы өспүрүмгө жардам беришти. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы билдирди.

Окуя тууралуу маалымат 27-августта түшкөн. Бужум айылынын тургуну болгон өспүрүм Кык жайлоосуна эчкилерин издеп барып, тоодо калып кеткен. Ал жерден өз алдынча түшө албай калган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана милиция кызматкерлери барышкан.

Куткаруучулар өспүрүмдү тоодон аман-эсен түшүрүп, ата-энесине өткөрүп беришкен. Анын абалы жакшы экени айтылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button