Коом

Мыкты агартуучулар Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги, жаш муунду тарбиялоого кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар мугалимдерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталарын тапшырды.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин котормо, редакциялоо жана лингвистика бөлүмүнүн эксперти Таалайбек Осмонов ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун медалына татыды.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева сыйлоо аземинде сыйлык ээлерин куттуктап, мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. “Жакында өткөн кесиптик майрамыңыздар менен чын-жүрөктөн куттуктайм. Келечек муунга талыкпай тарбия-билим берген мугалимдер бардык мактоолорго татыктуу”, — деп белгиледи төраганын орун басары.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button