Дүйнө

Улуу Британия, Канада жана Австралия Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды

Улуу Британия Палестинаны мамлекет катары расмий түрдө тааныганын жарыялады. Мындай билдирүүнү 21-сентябрда британ премьер-министри Кир Стармер билдирүү жасады.

«Бүгүн, улуу мамлекеттин премьер-министри катары, тынчтыкка болгон үмүттү жана эки мамлекет чечимин жандандыруу үчүн Улуу Британия Палестин мамлекетин расмий тааныганын так билдирем», — деп айтты Стармер.

Ал Улуу Британия Израилди мамлекет катары 75 жылдан ашык убакыт мурда тааныганын, эми Палестина мамлекетин тааныган 150 өлкөнүн катарына кошулуп жатканын белгиледи.

Анын алдында Канада менен Австралия да Палестинаны тааный турганын жарыялашты. Канада «Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн ичинен палестиндердин мамлекеттүүлүгүн тааныган биринчи өлкө болуп калды. Австралия өз чечимин «эки мамлекет чечими үчүн эл аралык аракеттердин» бир бөлүгү деп мүнөздөдү.

Бул кадамдар Палестинанын дүйнөлүк коомчулуктагы статусун бекемдөөгө багытталган.

 

Тектеш кабарлар

Back to top button