УКМК: Камчыбек Ташиев көп балалуу үй-бүлөгө жер там белек кылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, 2025–жылдын 24-сентябрында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев жардам сурап кайрылган 10 балалуу үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү жер тамдын ачкычын тапшырды.


Буга чейин, 10 баланын энеси Аксана Ташматова Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиевге жардам сурап кайрылган. Аталган үй-бүлө социалдык жактан көмөккө муктаж болуп, Ташматованын жолдошунун тапкан акчасы күнумдүк тамак-ашка гана жарап турганын айткан.


Көп жылдан бери батирлеп жашап жүргөн үй-бүлөгө Камчыбек Ташиев үйдүн ачкычын жана балдарына баалуу белектерин тапшырып, аларга ден соолук жана жаркын келечек каалады.

Жаңы тамдын ээси болгон үй-бүлө генералга ыраазычылык билдирди.



