Дүйнө

Венесуэлада күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү

Венесуэланын Сулия штатынын аймагында 25-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:51де 6,3 магнитудага жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Известия жазды.

Маалыматка караганда, зилзала болжол менен 3,7 млн калкы бар Сулия штатына жакын жерде сезилди.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдиргендей, жер титирөө 244 миң тургун жашаган Валера шаарынан 68 чакырым түндүк-батышта жана 60 миң 500 жашоочусу бар Мене-Гранде муниципалитетинен 24 чакырым түндүк-чыгышта орун алды.

Жер титирөө жөнүндө маалыматтарды Американын Геологиялык кызматынын (USGS) сейсмологдору ырастады. Кыйроолор жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар жарыялана элек.

Тектеш кабарлар

Back to top button