
ФИФА 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий тумарларын тааныштырды. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында маалымдалды.
Ага ылайык, чемпионатка тумар болуп үч жаныбар тандалды:
— Багыш Мэйпл – Канаданын символу
— Ягуар Заю – Мексиканын өкүлү
— Бүркүт Клатч – АКШнын символу
Аталган жаныбарлар дүйнө чемпионатын өткөрө турган үч мамлекеттин маданиятын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн чагылдырат.
ФИФАнын президенти Жанни Инфантино тумарлар тууралуу мындай деди: “Мэйпл, Заю жана Клатч дүйнө чемпионатынын өзү сыяктуу кубанычка, энергияга жана биримдиктин духуна бай».
Эскерте кетсек, футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун тумарлары алгач 1966-жылы Англияда колдонулган. 2026-жылдагы турнир бул ирет 16-болуп саналат жана ал 11-июндан 19-июлга чейин өтөт.



