Коом
Бүгүн Төө-Ашууда кар жаап жатат

Бүгүн, 1-октябрда тоолуу аймактарда жана ашууларда (Өтмөк, Төө-Ашуу) кар жаап жатат.
Маалымат боюнча, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол тейлөө ишканалары өздөрүнө бөлүнгөн аймакты көзөмөлдөп, зарыл учурда тазалоо, инерттик материал себүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Азыркы учурда жол ачык. Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга жана карама-каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырды.



