Коом
Нарын шаарын кеңейтүү максатында Кара-Бүк участкасындагы 300 гектар жерге заманбап «Нарын-Ордо» аттуу эко-шаарча курулат

Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатканы, бул Кыргызстандагы мега долбоорлордун бири болору айтылды.
Мындан тышкары, «Нарын-Реновация» долбоору ишке ашырыла баштаганы маалым болду. Анын алкагында шаарга 9 кабаттуу ипотекалык турак жай курулуп, Ленин көчөсү оңдолуп, кеңейтиле баштады. Бир айдын ичинде “Теңир Тоо Сити” бизнес комплекси салына баштайт. Инвестициянын көлөмү 20 млн. доллардан ашат. Айтор, бул долбоордун арты менен Нарын шаары болуп көрбөгөндөй өзгөрөт.



