Коом

15 жаштагы кыз ымыркай баласын таштап кеткен

Манас шаарында жаңы төрөлгөн баланы көп кабаттуу үйдүн эшигинин алдына таштап кеткен шектүү кыз кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБи билдирди.

Маалымат боюнча, бул окуя 8-октябрь күнү саат 14:40 чамасында болгон. Манас шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин кире беришинен жаңы төрөлгөн ымыркай табылып, дароо Манас ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кабар берилген. Окуя боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталып, ымыркай Жалал-Абад облустук төрөт үйүнө өткөрүлүп берилген.

Ошол эле күнү, саат 17:00 чамасында шектүү катары 15 жаштагы өспүрүм кыз кармалган. Учурда окуя боюнча тергөө иштери уланууда.

Ымыркайдын абалы тууралуу расмий маалымат бериле элек. Окуя боюнча кошумча маалыматтар тергөөнүн жыйынтыгында жарыяланары күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button