Коом

Нарын шаарында 600 орунга ылайыкталган жаңы мечит ачылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы “Жакыпбек Ата” атындагы жаңы мечиттин ачылуу аземине катышты.

Аталган мечиттин курулушу 2024-жылы башталып, бардык заманбап шарты менен бүткөрүлгөн. Жалпы 600 орунга ылайыкталган.

Генерал-полковник мечиттин ачылышы менен жергиликтүүлөрдү куттуктады. Ошондой эле Нарын шаарынын тургундары менен жаңы мечиттен бешим намазын окуду.

Тектеш кабарлар

Back to top button