Коом

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ убактылуу токтотуулат

Борбор калаанын айрым жерлеринде 3 күн газ убактылуу токтотуулат.

«Бишкекгаз» газ кызматынан билдиришкендей, орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Анкара көчөсү, Исакеев көчөсү, Ч.Валиханов көчөсү, Нурбашев көчөсү – 28-29-октябрь күндөрү;

ЧЧК, Профессор Зима көчөсү, Кудрук көчөсү, Журнальная көчөсү, Урицкий көчөсү, Жамбул тар көчөсү – 29-31-октябрь күндөрү;

Ч.Айтматов проспектиси, Л.Толстой көчөсү, Матыев көчөсү, Бакаев көчөсү, Гагарин көчөсү – 29-31 -октябрь күндөрү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button