Коом
Жолдорго 100дөн ашык камера орнотулду

Бир катар унаа жолдорго жол эрежесин бузгандарды фото жана видео аркылуу каттоочу 90 стационардык жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс (АПК) орнотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.
Комплекстер төмөнкү унаа жолдорго орнотулду:
Бишкек-Ош;
Бишкек-Чалдовар;
Бишкек-Нарын-Торугарт;
Бишкек-«Манас» эл аралык аэропорту-Бишкек;
Бишкек-«Ак-Жол» чек ара өткөрүү пункту.
Ошондой эле Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна кошумча 16 «Ураган» аппараттык-программалык комплекси орнотулган.
Бүгүнкү күндө АПК орнотуу иштери Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлүүдө.
ЖКККББдан билдиришкендей, бардык орнотулган АПК жылдын аягында өлкө боюнча иштей баштайт.



