Коом

УКМК: «Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаран мыйзамсыз ишке орношкон фактысы аныкталды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын ЭЭА аймагында «Нелегал” операциясынын алкагында 12 чет өлкөлүк жаранды мыйзамсыз ишке орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу басма сөз кызматкери билдирди.

Аталган чет элдиктер Кыргызстандын аймагында туристтик визанын негизинде жүргөндүгү жана мыйзамсыз эмгек ишмердигин жүргүзгөндүгү такталды.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери менен бирдикте чет өлкөлүк жарандарга КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 1-бөлүмү (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузгандыгы) үчүн 66 000 сом айып пул салынган.

Чет өлкөлүк жумушчу күчүн мыйзамсыз тарткан юридикалык жактарга  КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 93-беренеси (КРда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу) 65 000 сом өлчөмүндө айып салынган.

КР УКМК иш берүүчүлөргө КР чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскертет.

Тектеш кабарлар

Back to top button