Сүйүнбек Өмүрзаков үгүт иштерине жаш балдарды тартканы үчүн, талапкерге айып пул салынды

Борбордук шайлоо комиссиясы 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу маселесин карады.
Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингинин жыйынтыгында «Facebook» социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиевдин баракчасындагы сүрөт жана видео материалдарда №10 округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сүйүнбек Өмүрзаков шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Тактап айтканда, үгүт иштерине 18 жашка толо элек адамдар тартылган. Жумушчу топ БШКга талапкерге Кылмыш-жаза кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндө административдик айып салуу түрүндөгү жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
Жумушчу топтун чечиминин негизинде БШК ыйгарым укуктуу кызматкерине протокол түзүүнү жана Өмүрзаковго 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салуу милдетин жүктөдү.



