Коом
Борбор калаадагы «Sarya» кафесине 50 миң сом өлчөмүндөгү айып салынды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда тынчтык жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышын текшерүү боюнча рейд өтүүдө.
Ошондой эле саат 22:00дөн кийин электр энергиясын үнөмдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Рейд маалында Чүй проспектиндеги «Sarya» кафесинде тамеки чегүүгө тыюу салынбаганы аныкталды. Дээрлик ар бир столдо кальян турганы жана келүүчүлөр имараттын ичинде тамеки чеккени белгилүү болду. Кафеге 50 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлдү. Ал эми тамеки чеккен келүүчүлөрдүн ар бирине 3000 сомдон айып салынды.



