Коом

Коронавирус. 653 киши жуктуруп, 4 бейтап көз жумду

Бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпы 653 кишиден коронавирус табылып, 372 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 269;
  • Ош шаары – 73;
  • Чүй облусу – 116;
  • Ош облусу – 74;
  • Талас облусу – 5;
  • Ысык-Көл облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 69;
  • Баткен облусу – 32.

Ушуну менен өлкөдө оору илештиргендердин жалпы саны 113 430га жетти. Анын ичинен 104 302 бейтап дартты жеңген.

Тилекке каршы, кечээтен бери Бишкекте дарттан төрт адам көз жумган. Анын үчөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Илдет жалпысынан 1 920 адамдын өмүрүн алды.

Азыркы тапта 2 206 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 618 бейтаптын абалы оор болсо, 95 киши өтө оор абалда. Бир сутка ичинде 20 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button