Коом

Жалал-Абадда таштандыны кайра иштетүүчү завод ишке кирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Сузак районунун Курук-Сай участкасында жайгашкан Жалал-Абад шаарынын таштанды төгүүчү полигонунда “Таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун” ишке кириши менен таанышты.

Таштандыларды кайра иштетүүчү заводу 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулду.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынан чыккан таштандылар иргелип, кайра иштетилип, күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү буюмдар жана курулуш материалдары өндүрүлөт. “Жалал-Абад Тазалык” муниципалдык таштандыларды төгүү аймагынын аянты 9,0 гектар. Мында курулган завод жылына 20 миң тонна таштанды кайра иштетет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button