Коом

“Сары-Өзөн” жана “Ош” базарлары 3 күнгө убактылуу жабылат

Бишкектеги “Сары-Өзөн” менен “Ош” базарлары 3 күнгө жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга, анын ичинде ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына байланыштуу 25-ноябрдан 27-ноябрга чейин шаарда айрым объектилердин иштөө убактысына жана жол кыймылына убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө жана расмий делегациялардын каттамдарында унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Бул күндөрү санитардык чараларды көрүү максатында эки базар — “Ош” жана “Сары-Өзөн” базарлары жабылмай болду.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button