Коом
Премьер-министр Адылбек Касымалиев Берлинге иш сапар менен барды

Сапарынын алкагында ал кыргыз-немис бизнес форумуна катышат.
КР Министрлер Кабинетинин төрагасы жана Кыргыз Республикасынын туруктуу администрациясынын башчысы Адылбек Касымалиев Германиянын Берлин шаарына жумушчу сапар менен келди.
Сапарынын алкагында ал «Берлиндеги Кыргыз улуттук экономикасынын күнү» аттуу кыргыз-немис бизнес форумуна, ошондой эле кыргыз-немис ишкер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.
Берлинге болгон сапарынын алкагында премьер-министр Адылбек Касымалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, «Кыргыстан почтасынын» эл аралык логистикалык борборуна барат.



