Коом

Кыргызстанда социалдык жөлөк пулду кимдер алары айтылды

Кыргызстанда 108.4 миң адам ар айлык социалдык жөлөк пул алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги кабарлады

Маалыматка ылайык, ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга берилет. Алардын ичинде 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдар, ата-энесинин биринен ажыраган балдар, томолой жетимдер, бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалпы оорудан улам ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер, баатыр энелер жана улгайган жарандар бар. 

Ошону менен катар жөлөк пул алуучулардын саны 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу (108,7 миң) 2 пайызга азайган.

Тектеш кабарлар

Back to top button