Коом

Өлкөдө ВИЧке чалдыккандар 15 миңден ашты

1-декабрь — дүйнө жүзү боюнча ВИЧ/СПИД боюнча маалымдуулукту жогорулатууга арналган күн.

Вирустук гепатиттерди жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун маалыматында ВИЧ менен каттоодо тургандардын 14 миңден ашууну Кыргызстандын, 900дөн ашууну чет элдик жарандар. 63% эркектер, 37% аялдар.

Ушул күнгө чейин дартка чалдыккан 3 миңден ашуун адам каза болгон.

  • ВИЧ (HIV) — бул адамдын иммундук системасын алсыратуучу вирус.
  • СПИД (AIDS) — бул ВИЧтин акыркы жана эң оор баскычы.

Кыргызстанда ВИЧ инфекциясын алып жүрүүчүлөргө дары акысыз берилет.

Негизги жугуучу жолдору:

  • Корголбогон жыныстык катнаш;
  • Ийнени бир нече жолу колдонуу;
  • Төрөт же эмизүү учурунда энеден балага жугушу.
  • Өз убагында дарыланса, ВИЧ менен жашаган адам узак жана сапаттуу жашай алат.
  • Антиретровирустук терапия (АРТ) вирусду басаңдатып, аны башка адамдарга жугузбаган деңгээлге чейин төмөндөтөт.

Алдын алуу чаралары:

  • Корголгон жыныстык катнаш;
  • ВИЧке тест тапшырып туруу;
  • Ийнени бир эле жолу колдонуу;
  • Кош бойлуулук учурунда текшерилүү.

Кыргызстандагы 2025-жылдын 1-октябрына карата статистика:

  • ВИЧ менен ооругандар — 15 183;
  • Өлкө жарандары – 14285;
  • Чет өлкөлүк жарандар – 898;
  • Каза тапкандар – 3751;
  • СПИДден каза тапкандар — 983.

Тектеш кабарлар

Back to top button