УКМК: Коррупция фактысы боюнча “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын” жетекчиси кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, КР УКМК 2022-2024-жылдары Чүй облусунун Жайыл районундагы “Петропавловск” каналын капиталдык оңдоо учурунда аныкталган коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, шаар куруу мыйзамдарын бузууларды жана бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууну аныктап, мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин маалымдайт.
Тергөөнүн алкагында, КР Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу ресурстары кызматына караштуу мамлекеттик мекеме болгон “Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгынын” башчысы (Суу ресурстары кызматынын мурдагы убактылуу директору) 1965-жылы туулган Р.М.О. аттуу КР жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.



