Коом

Россия Казакстан жана Кыргызстандан товарларды убактылуу кабыл алууну узартты

Россия президенти Владимир Путин Казакстан жана Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык союзуна маркировкасы жана келип чыгышы тууралуу документи жок товарларды алып келүүгө уруксат берген мөөнөттү дагы эки жумага узартты. Мурунку жеңилдетилген тартип 10-декабрда бүтмөк, эми ал 25-декабрга чейин күчүндө болот.

Жеңилдик автоунаа менен Россия–Казакстан чек арасы аркылуу ташылган товарларга тиешелүү. Бирок ал бир катар талаптарды камтыйт: жүктүн алуучусу сөзсүз түрдө россиялык юридикалык жак болушу шарт, ал эми ташуучу компания бажы кызматына товарды сөзсүз декларациялоо боюнча милдеттенмени тапшырышы керек.

Мындан тышкары, жүк убактылуу сактоочу кампаларга жеткирилип, 27-декабрга чейин маркировкаланууга жана толук декларацияланууга тийиш.

Москва мындай тартипти октябрдын аягында киргизген. Бул чечим Казакстан менен чек арада пайда болгон чоң логистикалык тыгындарды жеңилдетүү максатын көздөгөн. Ал тыгындар айрым күндөрү 2,5 миңден 15 миңге чейин фура топтолгондо рекорддук көрсөткүчкө жеткен.

Тыгындардын пайда болушуна байланыштуу эки өлкөнүн бажы кызматтары бири-бирин күнөөлөп келген. Россиянын Федералдык бажы кызматы айрым ишкерлер эрежени бузуп, текшерүүдөн качуу үчүн чек араны кесип өтүүгө шашпай, жүктүн ээсинин көрсөтмөлөрүн күтүшкөнүн билдирсе, Казакстан тарап тескерисинче, Россиянын көзөмөлдү күчөтүүсүн негизги себеп катары атаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button