Жапаров: Министрлерге чалып «муну-аны кызматка алып кой» дебегиле

Министрлерге чалып «муну-аны кызматка алып кой» дебегиле. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын алгачкы жыйынын ачылышндагы кайрылуусунда билдирди.
Ал мурдагы парламенттин депутаттары министрлерге өзүнүн тааныш-билишин кызматка сунушутап, кысым көрсөтүп келгенин белгиледи.
«Эгер мыкты кадрларды билсеңиздер кадрлар резервине жөнөтүңүздөр. Мурдагы депутаттардын жаман адатын кайталабаңыздар», — деди президент.
Жапаров эл өкүлдөрүнүн дагы бир «жаман адатын» эскертти. Анын айтымында, минкабдын отчетун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат.
«Мисалы, менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчетуңа каршы добуш берем деп коркуткандар болгон. Натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон экен. Мындай иштерге таптакыр тыюу салдым. Анткени, 1 км жол салуу үчүн алыс аралыктан канчалаган техника тартылып барып, чыгым 2-3 эсеге өсүп кеткен», — деди өлкө башчы.
Ал бийлик өзү жолдорду ырааттуу сала турганын кошумчалады.



