Коом

Пневмониянын алгачкы белгилери кандай болот?

Пневмониянын симптомдорунун бири — көкүрөктөгү, далыдагы оору. Ошондой эле адам дем алганда ооруну сезиши мүмкүн. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кандын кычкылтекке толуу деңгээлин көзөмөлдөө керек. Ал 93 пайыздан аз болбошу зарыл.

«Компьютердик томографияда белгилер байкалса да, көп учурларда адамдар өзүн жакшы сезет. Кийинки бардык иш-чаралар, дарылоо ыкмасы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан алгоритмге ылайык жүргүзүлөт. Бул клиникалык жетекчилик тарабынан жазылган дарылоо», — деди Акматова.

Ал белгилегендей, дарылоо иши менен бейтап эмес, дарыгер алек болушу керек. Оорунун жеңил жана орто оор түрүнө чалдыккан бейтапды дарыгердин багыттамасы менен үйдө дарылаган жакшы.

«Үйдө кам көрүү ооруканада кам көрүүгө караганда жакшыраак. Эң негизгиси ооруканага жаткыруу учурун өткөрүп жибербөө керек. Пневмониянын биринчи белгилери — оор энтигүү, тез-тезден дем алуу. Дүрбөлөң түшпөө керек, анткени бул учурда дем алуу жетишсиздиги пайда болот», — деди ал.

Акматова өнөкөт оорусу бар бейтаптар ооруканага жаткырылууга тийиш экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button