Коом
Жаңы жылда билим берүүдөгү бардык кызматкердин айлыгы көбөйөт

Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, агартуу тармагында жалпысынан 95-97 миң адис эмгектенет.
«Мугалимдердин айлыгы экинчи жолу көтөрүлүп жатат, бирок методисттердики буга чейин көтөрүлө элек болчу. Алардын маянасы 12-18 миң сомдун тегерегинде калган. Мугалимдер методисттерден көбүрөөк айлык алат, болбосо ошолордон окуйт», — деди министр.
Кендирбаева билим берүү жаатына айлыктын көтөрүлүшүн эске алганда 100 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнөрүн кошумчалады.



