Медициналык окуу жайларга чет элдик студенттерди кабыл алуунун жаңы эрежелери талкууга коюлду

Жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларга өзгөртүү киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документ медициналык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында иштелип чыгып, 2024-жылдын 27-сентябрындагы №590 токтомго өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Долбоорго ылайык, чет өлкөлүк ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттерди Кыргызстандагы медициналык багыттарга которууга тыюу салынат. Чет элдик абитуриенттер медициналык ЖОЖдорго биринчи курстан гана кабыл алынат.
Ошондой эле бардык окуу курстарында: — чет элдик студенттерди медициналык адистиктерге которууга; — чет өлкөдө жарым-жартылай өздөштүрүлгөн медициналык программаларды таанууга жол берилбейт.
Мындан тышкары, 2022-жылдын 30-августундагы №476 токтомду күчүн жоготкон деп табуу сунушталууда. Бул токтом буга чейин өзгөчө кырдаал жарыяланган өлкөлөрдөн келген студенттерди КР ЖОЖдоруна которуу тартибин жөнгө салып келген.



